Жээнбеков 1 күндүк иш сапары менен Таласта болуп кайтты
Новость gov.kg

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн бир күндүк жумуш сапары менен Талас облусунда болду. Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков Тараз-Талас унаа жолундагы иштердин жүрүшү, Таластагы ветеринардык дарт аныктоо борборунун абалы, малдын кулагына бирка басуу иши жана Кара-Буурадагы логистикалык борбордун, ошондой эле фермердик чарбанын иши менен таанышты.

Ошондой эле кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-капка» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктуна барып, Кара-Буура районундагы «Сарымсак» каналын реабилитациялоо жана Талас облустук драма театрынын курулуш иши менен таанышты.

POST1RIGHT Сапар жүрүшүндө Өкмөт башчы Талас шаарындагы ветеринардык дартты аныктоочу аймактык борборго да барды. Борбордун башкы милдети - мал-жандыктардын, анын ичинде канаттуулардын, балыктардын, аарылардын жана башкалардын ооруларынын алдын алуу жана жоюу боюнча иликтөөлөрдү жүргүзөт. Жаңы имараттын сметалык наркы 20-25 млн сомго жакын деп эсептелүүдө Сооронбай Жээнбеков борбор курулушун тездетүүнү тапшырып, анын ыңгайлуу орунда жайгашкандыгын белгиледи. 

Андан соң Өкмөт башчы Кара-Буура районунда малды идентификациялоонун ишке ашырылышы менен таанышты. Премьер идентификациялоо иши - айыл чарба жана эт азыктарын экспортко чыгарууда аларды эл аралык талаптарга дал келтирүү максатында жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет өлкөнүн унаа жолдорун куруу жана реконструкциялоого чоң көңүл бурууда. Бул тууралуу Премьер-министр Тараз-Талас-Суусамыр жолун реабилитациялоо ишинин жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, иштин сапаттуу аткарылышы зарыл. 

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118