Мамлекет өлкөнүн унаа жолдорун куруу жана реконструкциялоого чоң көңүл бурууда. Бул тууралуу Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Тараз-Талас-Суусамыр жолун реабилитациялоо ишинин жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди.
POST1RIGHT Өкмөт башчынын айтымында, иштин сапаттуу аткарылышы зарыл жана бул Транспорт жана жолдор министрлигинин ишин баалоодогу башкы критерий болуп саналат. Транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров маалымдагандай, жолдун 75-105 чакырымын камтыган реконструкциялоо ишинин 3-фазасы ишке ашырылууда.Жалпысынан Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун 199 км оңдолуп, ремонт иштери 2017-жылы аяктайт.
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118