Кыргыз эл артисти, балетмейстер Берик Алимбаев каза болду. Алимбаев 1936-жылы 30-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1947-жылга чейин Фрунзедеги балдар үйүндө тарбияланган. Кийин аны Ленинград шаарына хореографиялык окуу жайга жиберишкен.
Ал классикалык жана улуттук спектаклдердеги негизги партиялардын баарын аткарган. Алардын катарында "Ак куу көлү", "Жизель", "Ромео жана Жульетта" жана башка чыгармалар бар.
1967-жылы Фрунзе шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Ушул эле жылы Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти болгон. Ал эми 2006-жылы Кыргыз Эл артисти наамын алган.
Алимбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 22-июлда саат 10-00дө Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт.
Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118