Бишкек-Балыкчы жолунун Боом капчыгайындагы 140- чакырымындагы жол тазаланып, ачылды. Белгилей кетсек, 18-июлда катуу жааган жаандын кесепетинен Бишкек–Торугарт унаа жолунун 134-144-чакырымдарында сел жүрүп, жолду суу каптаган.
Мындан улам жол бир тараптуу жабылып, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган. Буга чейин, тактап айтканда 1-июлда да бул жолду суу каптап, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздыктарды алып келген.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118