Сүйүнбай Эралиевди акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү болду
Новость

POST1RIGHTБүгүн кыргыз эл акыны, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз республикасынын баатыры Сүйүнбай Эралиевди акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү болду. Кыргыз адабиятына зор салым кошкон элдин акыны 16-июлда 95 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышты. Кыргыздын залкар уулу акыркы сапарга сый-урмат менен узатылды. Кыргыз эл баатыры менен коштошуу зыйнаты Кыргыз академиялык драма театрында саат ондо башталып, вазыйпасын аткарууга акындын жакындары, жердештери, премьер-министр баштаган бийлик өкүлдөрү, калемдеш чыгармачыл адамдар жана башка жазуучунун чыгармачылыгын урматтаган окурмандар келишкен. Коштошуу учурунда залкар жазуучу Сүйүнбай Эралиевдин басып өткөн жолу, кан күйгөн согуштан алты саны аман келип кыргыз адабиятына салган изи эскерилди.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам! 
WhatsApp +996551748118