Кыргыз радиосунун “Тагдыр тамчылары” уктуруусунан жаш жубайлар Исхаков Максат жана Алымбек кызы Гүлмайрамдын тагдырын баяндайбыз.
Максат кырсыктап майып тагдырга туш болсо, жубайы Гүлмайрамдын майып болуп төрөлгөнү 2 жаштан баштап билине баштаган. Кичинекей Гүлмайрам отурбай, баспай атканына тынчсызданган ата-энесинин көрсөтпөгөн дарыгерлери калбаптыр. Бул дарт сейрек кездешкендиктен Кыргызстанда эч бир дарыгер диагнозун так билбей Москвалык дарыгерлер аныктап, Гүлмайрамдын сөөктөрү морт болуп , бат-бат сына берчү айнек сөөк деп табылган экен...