Аргымактын күлүгү менен кайсы азаматтын билеги күчтүү экенин сынай турган дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна аз гана убакыт калды. Кереметтүү көлдүн жээгинде ураан сүрөөндөр менен коштолгон оюндун ичинде ат чабыш менен эр эңиш чети гана. Камчыны кычырата тиштеген көк бөрүчүлөр, көзгө атаар мерген жаачылар, ат жалында ойногон жигиттердин тыйын эңмей өнөрү келгендерди кайдыгер калтырбасы анык.
Дүйнө элин дүңгүрөткөн көчмөндөр оюнун башка мамлекеттер өз жеринде өткөрүүгө кызыкдар болууда. Өзгөчө түрк тилдүү мамлекеттерден көп сунуш түшүп жатат. Талдоочулардын айтымында, оюнду башкаларга бербеш керек. Анткени Көчмөндөр оюну Кыргызстандын бренди болуп калат. Мисалы: дүйнө эли карнавал Бразилияда, ал эми коррида Испанияда өтөөрүн жакшы билет. Булардай эле Көчмөндөр оюнунун мекени - Кыргызстан болуп калат.
POST1RIGHT
Көчмөндөр оюнунун эн белгиси терең философияны камтыйт. Андагы ар бир белги көчмөн элдин өзөгүнөн алынган. Тегерекче - кут тамга деп айтылат. Ал “Манаста” төгөрөктүн бурчу деп белгиленген. Ал эми ат көчмөн элдин башкы белгиси, аны минип турган адамдын башы көктө, буту жерде болгону - ынтымак менен ырашкерликти туюндурат. Адамдын башындагы күндүн элесин берген белги тарыхта көп кездешет. Саймалуу таштарга дагы ушул тамга чегерилген.
Көчмөндөр оюнунун эн белгиси worldnomadgames.com сайтына дагы жайгаштырылды. Интернеттен бул даректи терсеңиз Көчмөндөр оюнунун расмий сайтына киресиз. Оюнду өткөрүү катчылыгы 1-июлдан тарта ушул интернет баракчаны ишке киргизди. Анын жасалгасы башкалардан обочолонуп турганы менен андагы өңдөр барына маалым. Сайт оюндун эн белгисиндеги кызыл, жашыл-көгүлтүр жана сары түстөр менен кооздолгон. Бул баракчадан кыргыз, орус жана англис тилиндеги маалыматтарды тапса болот.
Сайттан оюн боюнча жаңылыктар, маалымат баннерлери, спорт түрлөрүнүн сүрөттөрүн жана видеолорун жана демөөрчүлөр менен өнөктөштөрдүн дагы блогу бар. Мындан тышкары оюндун программасы, андагы мелдештердин жыйынтыктары ыкчам чыгып турат. Анан да сайтты негиздөөдө мамлекеттик бюджеттен бир да акча кеткен жок. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен түптөлдү.
Уюштуруучулардын айтымында, бул жолку оюн мурдагы жылкыдан өзгөчөлөнөт. Өзгөчө маданий жагына даярдык катуу жүрүп, ал Кырчын жайлоосунда өтөт. Ал жакта этношаарча болот. Ал кийин дагы даражалуу меймандар келип калса тосконго ылайыкталдууда. Ал үчүн жарык, суу киргизилип, дааратканалар салынууда. Мындан тышкары хан ордо көтөрүлөт. 120 баш кыргыз үйү.
Мындан тышкары Кувейттен келгендер төөлөрдүн жарышын, кытайлар шаолиндин шамдагайлыгын көрсөтөт. Америкалыктар кавбойлор менен индеецтерди алып келет. Жалпысынан ондон ашык элдин маданияты тартууланат. Албетте, мыктынын мыктысын аныктоо үчүн сынак да өтөт.
Кырчында маданий иш-чаралар гана эмес, мелдешке кирген оюндар дагы болот. Мисалы: салбуурун. Кыскасы, 2 дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш жана жабылыш аземдери эле ары кызыктуу болбостон, күндүз спорттук мелдештер жана той-тамаша уланып, кеч кирген сайын этно маданиятты даңктаган укмуштуудай фестивалдар өтүп турат.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118