Ысык-Ата районунун Эпкин айылынын алты жаштагы тургуну Нуржигиттин эки бутуна бүгүн операция жасалды. Дарыгерлер Нуржигит “басып кетет” деп ишенимдүү айтууда.
Кенедейинен тагдырдын оор сыноосуна кабылган бала ак караны эмитен эле айырмалап калгандай. Операцияга алып кетип жатканда дагы ыйлап, апасын беймаза кылбай эле барын түшүнгөндөй операцияга кирип кетти.
Дарыгерлердин сөзү боюнча Нуржигиттин нерв системасынын 70 пайызынын функциясы бузулган.
Анын басып кетүүсү үчүн бери дегенде 2 жолу операция жасоого туура келет. Анын биринчиси бүгүн ийгиликтүү жасалды.
Эне үчүн баласынын ооруп турганынан өткөн азап жок. Нуржигиттин апасы операция бөлүмүнүн алдында уулунун аман-эсен чыгышын тилеп турду.
POST1RIGHT Балалыгы ушул таштекке байланып калган мекендешибиздин тагдырын коомчулукка алгач “Азаттык” радиосу алып чыккан. Ал эми операция жасалышына биздин Коомдук телерадио корпорациясы себепчи болду. Нуржигиттин ден соолугун текшерип көрүү өтүнүчү менен белгилүу ортопед Сабырбек Жумабековго кайрылганыбызда, дарыгер байкап көрүп баланы бастырса болоорун айтып, операцияларды дагы толугу менен бекер жасап берерин убада кылган.
Минтип баарылап кылган аракетибиз алгачкы жемишин берди. Эми анын басып кетишин тилейли. Мүмкүн Нуржигит келечекте президент, депутат же болбосо кыргыз элинин намысын коргоп, желегибизди бийик желбиреткен спортчу болот.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118