Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жолдорду оңдоо боюнча жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы иштин чала аткарылышынан улам, коомчулук тарабынан унаа жана жол министрлигине карата арбын сын-пикирлер айтылып жатканын баса белгиледи. Өткөрүлүп жаткан тендерлер дагы талкууга алынып жатканын айтып, министрге тендерлерди өткөрүүдө ачыктыкты камсыздоону тапшырды. POST1RIGHT
Бишкек - "Манас" Эл аралык аэропорту унаа жолундагы ремонт иштерин мисал келтирип, чала жасалып жаткан иштер, катуу талап коюлбагандан улам болуп жатат деди. Буга себептүү Унаа жана жол министри Замирбек Айдаровго сөгүш жарыяланды.
Министр болсо Бишкек-Манас жолундагы кемчиликтер жол оңдогон компаниянын эсебинен кайра жасалаарын билдирди. Мындан тышкары Балыкчы-Чолпон-Ата, Балыкчы-Корумду жана Бишкек-Талас-Тараз участкаларындагы жол оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди. Каржы министрлигине болсо республикалык бюджеттин эсебинен оңдолуп жаткан жолдорду үзгүлтүксүз каржылоо тапшырылды.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118