Укук коргоо реформасы прокуратурага басым жасайт
Новость

Укук коргоо органдарынын реформасы - өлкөдө бүгүн эле көтөрүлө калган маселе эмес. Коргоо кеңеши бул иштин үстүндө 2 жылга жакын иштеген. Учурда реформаны бир гана органда эмес, системалуу түрдө жүргүзүү керек болуп турат. Башкы максат- ишкер чөйрөнү негизсиз текшерүүлөрдөн коргоп, укук коргоо органдарындагы бири-бирин кайталаган функцияларды кыскартуу.

Реформанын өзөгү бир гана ишкер чөйрө эмес, жөнөкөй жарандардын укук коргоо кызматкерлерине ишенимин күчөтүү. Бул үчүн коргоо кеңеши күч кызматтарынын ыйгарым укуктарын тактап, ким кайсы милдетти аткарарын аныктады. Эми бир эле түрдөгү кылмышка бир нече органдын киришүүсү токтойт. Ички иштер министрлиги коомдук тартипти, УКМК улуттук коопсуздукту, башкы прокуратура көзөмөл сыяктуу тиешелүү тапшырмаларын аткарышат.

Эң негизги басым прокуратура органдарына жасалып, ал прокуратурадан тергөө функциясын кыскартуудан башталууда. Мындан ары укук коргоо органдарында мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл күчөп, жарандардан арыз түшкөн учурдан тартып, соттун чечими ишке ашканга чейинки аракеттердин бардыгы тыкыр көзөмөл астында өтөт.

POST1RIGHT Серепчилер белгилегендей, көзөмөлдү жетиштүү деңгээлде жүргүзүүгө прокуратура кызматкерлеринин буга чейин чамалары жетпей келген. Анткени көзөмөл органы бир эле убакта экономикалык, коррупция, тергөө жана башка иштерди иликтөө менен алектенип келген.

Кылмыш ишин козгоо укугунан сырткары, прокуратуранын кызматкерлери керектүү учурда ведомстволор аралык тергөө тобун түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Эксперттердин айтымында, бул жагдай көбүнесе ири коррупциялык, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу кылмыштары орун алган учурда колдонулат.

Прокуратура буга чейин катаал чараларга бара турган орган аталып, тергөө укуктарынан пайдаланып ири коррупциялык чууларга да аралашкан жайы бар. Андыктан эксперттик чөйрө тергөө, текшерүү жагынан мекеменин ыйгарым укуктары чектелип, көзөмөлгө басым жасалып жатканын колдоп чыгышты.

Дагы бир маанилүү өзгөрүү- Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматын жоюп, анын милдеттерин Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү. Бул демилге - орган өзүнө жүктөлгөн милдеттерди толук аткара албагандыгына байланыштуу келип чыккан. Мекеме мамлекеттик казынанын жана эл аралык донорлордун эсебинен каржыланып, материалдык-техникалык база, айлык маяна жагынан жетиштүү камсыз болуп келген. Бирок коргоо кеңешинде натыйжа аз экени белгиленди.

Реформанын негизги максаты бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюп бир беткей кылуу. Мына ушундан улам Бангизаттарга каршы курошуу кызматын ИИМге откоруп берүү чечмими кабыл алынды.

POST2LEFT Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы буга чейин бир нече жолу жоюлуп, кайра түзүлгөн. Ага катар бул мекеменин милдетин аткарган бөлүм башкармалыктар дээрлик бардык күч түзүмдөрүндө болуп келген. Эксперттер мындай тажрыйба көзгө көрүнөрлүк натыйжа берген жок деп эсептешет.

Азыр бангизат менен курошуу бардык органдарда бар. ИИМ, УКМК, ГСИН ж.б. чаржайыт болуп атат. Ушуну бир жакадан баш, бир женден кол чыгаруу катары карап, мурда кийин тажырыйбасы коп ИИМ аныкталды.

Мындан эки жыл мурун маңзаттарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилиги Ооганстанда өндүрүлгөн 5-6миң тонна маңзаттын 20 пайызы Кыргызстан аркылуу өтөрүн айткан жайы бар. Серепчилер бул жүздөгөн тонна апийим же марихуана болушу мүмкүн дешет. Бирок ушул учурга чейин биздин күч кызматтары мынча көлөмдөгү баңгизатты колго түшүргөн окуя боло элек.

Ички иштер министрлигинде болсо чоң бир кызматты өзүнө алганы менен мурда кийин майлуу сүттүү деп аталган 5 бөлүм жоюлганы турат. Бул бөлүм экономикалык кылмыштарды иликтөө менен алектенип келген. 5 бөлүм толугу менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилет.

Экономикалык кылмыштар менен бир эле орган алектенгени ишкерлерге басым азайып, бизнестин өнүгүшүнө өбөлгө болору көпчүлүктү ынандырды. Ички иштер министрлигиндеги дегеле укук коргоо түзүмүндөгү мындай реформаларды жогорку кеңештеги оппозициялык азчылык да колдоп, реформаларды тез арада ишке ашырууга үндөшүүдө.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118