ЖК төрагасы Ош облусунда иш сапары менен болду
Новость

POST1RIGHTЖогорку Кеңештин төрагасы бүгүн Ош облусунда иш сапары менен болду. Төрага бир катар социалдык обьектилердин абалы менен жеринен таанышып, жаңы өндүрүш ишканаларында көрдү. Күндүн экинчи жарымында облус активи менен болгон жолугушууда, саясий- экономикалык жана дин багытындагы маселелер талкууланды.

Төрт айылдын өспүрүмдөрү үчүн арналган бул "Тунук" наристе бала бакчасын куруу үчүн жергиликтүү тургун өз жер тилкесин белек кылган. Бала бакча мэриянын жана жеке ишкердин каржылоосу менен курулган. Имарат 120 балага гана ылайыкташканы менен учурда мында эки жүзгө чукул бөбөк тарбия алып жатат. Бүгүн болсо балдар бакчасы төрагадан 100 миң сом колдоо алды.