Кыргызстан-көп улуттуу өлкө
Новость

POST1RIGHTАнда 120 дан ашык улуттун өкүлдөрү жашайт деп айтылып келет. Алардын арасында 10 миңдей немис улутундагы жарандар бар. 19-кылымдан бери карай Кыргызстанды байырлаган немистер, учурда илим, айыл чарба тармагына жана маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошуп, мамлекеттик деңгээлдеги кызматтарды аркалап келишет.

Немис жигити Виктор Кайзер 15 жашында ата-энеси менен Кыргызстанга келген боюнча, кайрылып кеткен жок. Ушул жерден үйлөнүп-жайланып, орус кызы Нина менен баш кошкон. Экөө дыйканчылык боюнча илим изилдөө инстутутунда бирге иштеп жүрүп таанышып, 23 жылдан бери бирге түтүн булатып келет.