Жүк ташыган авто унаалардын кырсыкка учураган фактылары көбөйүүдө
Новость

POST1RIGHTОш-Баткен-Исфана жолунда оор жүк ташыган авто унаалардын кырсыкка учураган фактылары көбөйүүдө. Өзгөчө күйүүчү май ташыган авто унаалардын кырсыгынан бөөдө адам өмүрлөрү кыйылууда. Жергиликтүү элдин тынчын алып жаткан мындай көрүнүш акыркы 20 күндүн аралыгында эле Лейлек районунун Ак-Терек айылында 4 жолу катталган.

Лейлек районунун Ак-Терек айылында акыркы 3 жылда 10дон ашык оор жүк ташыган автоунаа аңтарылып кетип, 4 кишинин өмүрү кыйылган. Мындай жагымсыз окуялардын көп кайталанышына өр таянган жол себептүү. Анткени, ХОВА үлгүсүндөгү авто чиргечтерине чейин күйүүчү май жүктөп, тормузу кармабай аңтарылып кеткен окуялар байма-бай катталат.