Бишкек-Ош жолунда унаалар чектөө менен өткөрүлүүдө
Новость KTRK/videograp

Бүгүн эртең мененки саат 09дар чамасында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 421-чакырымында ылай, кум-таш аралаш калдыктар жолду каптап калган. Учурда жолду тазалоо иштери аткарылууда. Унаалар кезек кезеги менен өткөрүлүп, жол кайгуул кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынган жана ӨКМдин ыкчам тобу жеринде иш алып барууда. Белгилей кетсек, бул унаа жол Транспорт жана жол министрлигинин карамагында.

Бишкек-Ош жолуна 7-июлга караган түнү да кум-таш аралаш ылай көчкү түшүп, жол жабылган. Тазалоо иштеринин натыйжасында, кечээ түшкө жуук жол бир тараптуу ачылган болчу.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118

Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118