Бишкек көрккө келеби?
Новость

Жогорку Кеңештин “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Бишкектеги эски үйлөрдү бузууга каршы түзүлгөн топтун өкүлдөрү менен жолукту. Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев башында турган фракциянын айрым эл өкүлдөрү “Бишкек шаарынын тарыхый борборун реконструкциялоо жана өнүктүрүү” жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Анда ордо калаанын тарыхый борбор деп аталган бөлүгүн реконструкциялоо каралган.

Линейная, Суюмбаева - мурдагы Карпинский тарап, Жибек-Жолу менен Жаш Гвардия бульвары. Булар ордо калаанын тарыхый бөлүгү деп айтылат. Анын жалпы аянты бир жарым миң гектардай болот экен. Ага ылайык, шаардын кейпин бузган үйлөр бузулушу керек. 

Текебаевдар сунуш кылган мыйзам долбоор колдоо тапса, бул көчөлөрдөгү эскилиги жеткен турак жайлар түрттүрүлүп, ордуна жаңысы түшмөк. Ал эми менчик ээлерине ошол турак жайынын аянты менен ага тиешелүү болгон жер тилкесин эсептеген көлөмдү эске алып, жаңы там берилүүгө тийиш болот. Бирок айрымдар бул документ - курулуш компанияларынын камчысын чаппас бекен, -дешет. 

“Акыркы учурда Бишкекте курулуш баш аламан жүрүүдө. Жер натыйжалуу колдонулбай башкы план боюнча ири комплекстер курула турган жерлерде майда-майда үйлөр курулуп, шаар курулушу боюнча талаптар аткарылган жок. Мыйзам долбоор архитектуралык кейпи бузулган Бишкекти өзгөртүү максатында иштелип чыкты”, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Ал эми эскилиги жете элек, бирок ремонтко муктаж үйлөр түртүлбөйт. Ушуга окшогон толуктоолорду киргизүүнү демилгечилер убада кылды. 

Текебаевдин айтымында, мыйзам долбоор баш калааны кааласам курам, кааласам уратам эмес, курулуштарды бир багытка бурган архитектуралык-композициялык талапка келтирүүнү гана көздөйт. Сунуштарды иштеп чыгуу үчүн мэрияда атайын комиссия түзүлмөй болду. Ага турак жайды баалай турган көз карандысыз риэлторлор да кирет. Алар кайсыл үйлөр эски экенин талдап чыгып, сунушту шаардык кеңешке жиберет. 

Бирок мыйзам долбоор боюнча шаардын тарыхый бөлүгүнө кирген аймактардагы тарыхый-маданий жайлар бузулбайт. Бирок аларды заман талабына жараша оңдоп-түздөп коюш керек. Бирок, турак жайы бузулгандар - асманды чапчыган акчаны сураган көрүнүштөр дагы эске алынышы керек. 

Чындыгында, ордо калаада 80 жыл мурда салынган жепирейген тамдар дагы жок эмес. Заңгыраган үйдүн жанында алар көрүнбөй калмак түгүл, көрктү бузат. Шаар тургундары да документ капчыктуулардын үй салуусуна жер бошотууга кол кабыш кылуу эмес, Бишкекти эски имараттардан арылтат деп ишенүүдө.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз  (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!WhatsApp +996551748118