Кыргызстанда колдонулбаган жол куруу ыкмасы сунушталууда
Новость

 POST1RIGHTБүгүнкү күндө өлкөнүн дээрлик бардык аймагында негизги унаа жолдорду куруу жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. 

Ал ортодо өлкө капчыгына бир топ үнөмдүү болгон, буга чейин Кыргызстанда колдонулбаган жол куруу ыкмасы сунушталууда. 

Учурда мындай сунушту транспорт министрлиги менен Бишкек мэриясы колдоп жатат.

Арзан, сапаттуу, аз убакытта бүтө турган жол куруп берүүгө кепилдик берип жаткан бул жол куруучулар, былтыртан бери Орусиядан жаңы ыкма менен жол куруунун технологиясын окуп келишкен. Демейде 1 жылга жетпей керектен чыгып калчу таш жолдорго, бул жерде 10 жылга чейин кепилдик берилип жатат.