Укук коргоо органдарын реформалоо өз максатына жетеби?
Новость

 POST1RIGHTКоргоо кеңешинде каралган укук коргоо органдарын реформалоо жана миграция маселеси өлкөнүн тынчтыгы менен туруктуулугунун кепили. Мындан улам, коргоо кеңешинин бул маселелерди талкуулоосу мезгил талабы эле, -дейт эксперттер.

Кыргызстан эгемендикти алгандан бери эле укук коргоо органдарын реформалоо тууралуу айтылып эле келет. 

Бирок натыйжа болбой келди. Ар бир түзүм алына жараша жаңыланымыш болгону менен, анын деле жемиши да, жеңиши да көрүнгөн эмес. Эми эки тизгин бир чылбырды колго алган коргоо кеңеши сөздөн ишке өтүп, реформаны баштады.

Тагыраак айтканда, укук коргоо органдарынын милдеттери иргелештирилди, -дейт Жогорку Кеңештин төрагасы.