Ысык-Көл жана Талас облустарындагы нөшөрлөгөн жаан унаа жолдор менен көпүрө жана дамбаларга зыянын тийгизди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кечээ кечки саат 6га жакын Бишкек-Балыкчы-Торугарт унаа жолунун 140-чакырымында, көнөктөгөн жаандан улам, жолду суу баскан. Жолду тазалоо үчүн атайын техника жөнөтүлүп, кечки саат 10до жол толугу менен тазаланды. Азыр жол ачык.
Ал эми Талас облусунда, ушундай эле нөшөрлөп жааган жаандан улам, Талас дарыясынын суусу көтөрүлүп, Долоно айыл аймагындагы “Барчын” лагерине жакын жээктеги 20 метрлик дамба бузулган. Дагы 40 метрдей жер кооптонууну жаратууда.