Жалал-Абадда былтыр үч эмдүү болушкан үй-бүлөгө батир берилди
Новость KTRK/videograp

Жалал-Абад шаарында былтыр үч эмди жарык дүйнөгө алып келген Гүлбарчын Мамазаировага батир берилди. Мындай белекти жергиликтүү бийлик ишке ашырды. Үч бөлмөлүү батирдин баасы 1 миллион 200 миң сом. Буга чейин Гүлбарчын Мамазаирова 2 кыз жана 2 уулу менен шаардагы үй-бүлөлүк жатаканада жашап келген. 

Үч эм төрөлгөндөн кийин турмуш шарты кыйындап кеткенин айтып ал калаа бийлигине жардам сурап кайрылган. Мындан улам шаар бийлиги көп балалуу эненин тилегин орундатып, балдардын татыктуу шартта чоңойушуна жардам көрсөтүштү.