POST1RIGHTОш шаарынын үч жүздөн ашуун бюджеттик мекеме кызматкери жакында ипотекалык шартта берилүүчү батирлердин ээси болуп калышы мүмкүн.
Ош, Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан курулган турак үй бардык тийиштүү коммуникациялары менен камсыз болгон.
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция 1392 батири бар көп кабаттуу 24 үй курган.
Анын ичинен үй бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы 607 батирди коогалаңдын жабырлануучуларына, 206 батирди күч түзүмүнүн кызматкерлерине, дагы 45 батирди көзү азиздерге бөлүштүрүп берген.