Коомдук ишмерлер аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүштү
Новость

POST1RIGHTОрозо айында коомдук ишмерлер Ысык-Көл облусун кыдырып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, балдар жана карылар үйүнө жардам көрсөтүштү. 

Андан тышкары жаратылыш кырсыгынан жабыркаган адамдардын үйүнө барып куран окулду.

 Атайын сапар менен барган топ бир кыйла маселе менен жеринен таанышып келди.

Коомдук ишмер Жылдызкан Жолдошева баштаган топ кайрымдуулуктун айы болгон Орозодо Балыкчы шаарындагы турмуш-тиричилиги начар жашоочуларга азык-түлүк таратып, жашоо шартынан кабар алды. Андан соң балдар үйүндө тарбиялангандарга белек-бечкек тартуулашты.