Казакстанда сибирь жарасы илдетин 6 адам жуктуруп алганы аныкталды. Алардын экөөсү каза таап, калгандарына медициналык жардам көрсөтүлдү. Ал эми илдет жугуп калышы мүмкүн деген 62 жаран күн сайын текшерүүдөн өтүп жатат.
Сибирь жарасы катталган Эркиндик айылында болсо карантин жарыяланып, анда жашаган адамдардын сыртка чыгып киришине убактылуу чектөө киргизилди. Маалыматтар боюнча Казакстандагы коркунучтуу илдет уйдан жуккан. Анын териси жана эти дароо жок кылынды деп билдирет Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин.