Нарын облусунун айрым айылдарында ичимдик сатылбай калды
Новость ktrk/videograp

Арак сатууга тыюу салынган айылдардын катарында Ат-Башы районундагы Бирлик, Өзгөрүш, Нарын районунан Миң-Булак айылы, Жумгалдан Таш-Дөбө, ал эми Кочкордон Комсомол айылдары кирет. 

POST1RIGHT Демилгени Нарын облустук казыяты көтөрүп, жергиликтүү жаштар ишке ашырган. Маалым болгондой, өткөн жылы жергиликтүү айыл башчылары менен бирдикте спирт ичимдигин сатпоо тууралуу ич ара токтом кабыл алынган. 

Ага ылайык эрежени бузган тарап 5000 cом айып төлөйт.