Министрлер милдет аткарат
Новость

Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыктарга ылайык, Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев, Унаа жана байланыш министри Замирбек Айдаров ээлеген кызматтарынан бошотулду. 

Мамлекет башчы Премьер-министрдин сунушун кабыл алып, Жогорку Кеңештин жактыруусуна чейин Замирбек Айдаровго Унаа жана байланыш министринин милдеттерин аткаруу, ал эми Турдуназир Бекбоевге Айыл чарба жана мелиорация министринин милдеттерин аткаруу жүктөлдү.