“Ысык-Көлдүн сыйкырдуу куму”. Дал ушундай аталыштагы фестиваль кереметтүү көл жээгинде өтөт. Борбор Азияда биринчи жолу уюштурулуп жаткан иш-чара Тарых жана маданият жылына, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюунуна карата өткөрүлгөнү турат.
Сынактык иш-чарага 14 мамлекеттен скульпторлор, бардыгы болуп 50дөй катышуучу чакырылган. Уюштуруучулардын айтымында, мындай аракеттер Кыргызстандын тарыхы, маданияты жана белгилүү инсандары тууралуу башка элге кененирээк маалымат берүүгө өбөлгө түзөт. 15 күнгө созулган иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү максатында, учурда демилгечилер демөөрчүлөрдү издеп жатат.