Эртең, 24-июнда саат 11.00дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада белгилүү лирик акын Турар Кожомбердиевдин 75 жылдыгына арналган - “Мен тоолордун уулумун” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы жана эскерүү кечеси өткөрүлөт.
Кыргыздын көрүнүктүү лирик акыны Т.Кожомбердиев 1941-жылы 22-июнда Жайыл районуна караштуу Сары-Булак кыштагында туулган. Ал 1953-жылы айылдык орто мектептин башталгыч классынан билим алып, 1959-жылы ордо калаабыз Бишкектеги №5-кыргыз орто мектебин бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология бөлүмүн 1966-жылы аяктаган.
Акындын адабий чөйрөгө аралашуусу 1959-жылы башталган. “Мугалимдер газетасына” анын “Мугалим” аттуу ыры жарыяланып тушоосу кесилген. Ошондон баштап чыгармалары газета-журналдарга үзгүлтүксүз жарыяланып келген.
1961-жылы “Көлчүктөгү ай” деген ат менен акындын тунгуч ырлар жыйнагы басмадан чыкса, кийин ага удаалаш эле “Биз турган жер бийик”, “Кызыл алма”, “Тоо үстүндөгү күн”, “Таңкы симфония”, “Күн, жер, жүрөк”, “От өчпөгөн коломто”, “Кызгылтым кеч”, “Нурлуу терезе”, “Токтогул ГЭСи”, “Таңкы жылдыз”, “Ай тийген тоо”, “Базарлык”, “Ыр булак”, “Калптар”, “Кыл чокулар” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактары окурмандардын жана поэзия сүйүүчүлөрдүн сүйүктүү чыгармаларына айланган.
Өзгөчө балдар адабиятына зор салым кошкон ай жаркын талант, айкөл жүрөк акын 1970-жылы “Кызыл алма” жана “Таңкы симфония” деген ырлар жыйнагы үчүн ага Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган. Акындын балдарга арналган чыгармаларынын тили жатык жана жумшак, элпек, көркөм, ал эми лирикалык каармандары бүткүл турпаты менен окурмандарды өзүнө тартып турат.
Т.Кожомбердиев – өзгөчө феномен, заманыбыздын, доорубуздун акыны. Өзүнүн кыска өмүрүндө көп чыгарма жаратып, терең лирик, ойчул, философ, чебер сүрөткер экендигин тастыктады. Чукугандай сөз тапкан курч сатирик экендигин айгинелеген юмор, какшык, мыскылдар да анын калеминен жаралган. Кыргыз адабиятында акындын өзгөчө орду бар. Учурда жаш окумуштуулар, адабиятчылар Т.Кожомбердиевдин поэзиясын терең изилдешип, адабияттагы ордуна өзгөчө баа беришүүдө.