Жогорку Кеңештин Унаа, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөлөрү Нарын облусунун Жумгал районунда көчмө жыйын өткөрдү.
Анын алкагында 2014-жылы башталган Түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолунун курулуш иштери менен таанышып, Кытай жарандары иштеп жаткан базада болушту.
Иш чаранын жүрүшүндө Жолдорду изилдөө жана долбоорлоо институтунун жетекчиси Кубанычбек Мамаев альтернативдүү унаа жолунун 1-фазасы бүтүп калгандыгын белгиледи.
«Жолдун биринчи фазасы - Арал айылынан Кызыл-Жылдыз айылына чейин алганда 94%ы бүтүп калды. Расмий түрдө 2-фазанын иши башталып, курулушчулар иштеп жатышат. Учурда жол куруучулар Өрнөк айылынан өтүп, Көкө-Мерен суусуна убактылуу көпүрө курулуп, Казарман тарапты бет алышты», - деди Мамаев.
Долбоордун баштапкы каржылоосу 850 млн АКШ доллары деп бааланган. Жол куруу милдетин Кытайдын "Чайна-Роуд" ишканасы алып, иш өз нугунда жүрүп жатат.