Ысык-Көл: КМШдагы балдардын форуму башталды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT“Шериктешик балдары”. Мындай аталыштагы эл аралык маданий-агартуучу форум жыл сайын көгүлтүр көл жээгинде өтүп келет. Быйылкы иш чарага Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Белорусия, Азербайжандан келген мектеп окуучулары катышууда.

КМШдагы балдардын башын бириктирген форум кыргыз парламенти менен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясы тарабынан уюштурулуп келет. Иш чаранын башкы максаты - ар башка өлкөдөн келген жаштардын башын кошуу менен бирге, балдар арасындагы достукту бекемдөөгө багытталат.

Быйылкы форум «Өз өлкөңдүн тематикалык жылы» темасына арналды. Анын алкагында балдар делегацияларынын визит карточкаларынын бетачары болуп, алардын ортосунда пикир алышуу, тегерек столдор, ар кандай сынактар, чеберчилик класстары өткөрүлүп, интеллектуалдык жана спорт оюндары ойнотулат.