POST1RIGHTБыйылкы жыл жаан-чачынга бай болуп, өлкө аймактарында жаратылыш кырсыктары өткөн жылдарга салыштырмалуу көп катталууда. Тогуз-Торо районунан өткөн Нарын дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп Сары-Булуң айыл аймагындагы дарыя жээгиндеги жашоочулар кооптонуп келишет.
Дарыядагы суунун деңгээли көтөрүлгөн сайын Кара-Суу айылынын жашоочулары кооптонуп келет. Анткени дарыя жээги жыл сайын кеңейип, айрым турак жайларга 30 метр гана жете бербей калган. Буга чейин суу жээгине жакын кооптуу деген 4 үй бүлөнү коопсуз жака көчүрүлгөн.
Айыл эли мындай абалды тийиштүү кызматтар жөнгө салып, кырсыкты алдын алса дешет.