Европаны багындырган кыргыз өнөрү
Новость KTRK/videograp

Замандын агымына жараша, мода дүйнөсү күн сайын өзгөрүп турган маал. Бул жааттагы дизайнерлер, бири биринен ашам деп жатып кийимдин кандай гана түрүн тигишкен жок. А түгүл сенсация жаратмакчы болгондор, кийимди жаныбарлардын этинен тигип да дүйнө коомчулугунун сынына калганы бар.

Мына ушундай мода дүйнөсүндө Кыргызстандык ууз чеберлердин да оорду бар. Бирок биздикилер, ит талап кеткен сымал жыртык көйнөктөрдү, же узун десе шалбырап этегине чалына турган моданы кууган жок. Тек гана өзүбүздүн ата бабадан калган кийим кече маданиятын жаңылап, ага жаңы түс берип жаңы боек берип алып чыгышууда.

Мында сөзсүз эле шөкөттөлгөн кийимдерди эмес, кадимки жай турмушта кийген белдемчи, чыптама сыяктуу кийимдер да кайрадан суроо талаптарга ээ боло баштады. Кыргыз кийимдеринин жөнөкөйлүүлүгүн ошол эле учурда, көчмөн маданиятынын көрсөтүп турганына Европалыктар да ынанып, кызык артышты. Муну жакында батыш өлкөлөрүндө өткөн “Жибек Жолдун Ак конушу” аталышындагы ири маданий долбоор тастыктап койду. Анда белгилүү дизайнер Гүлжан Ирештин улуттук кийимдер топтому көрсөтүлдү.POST1RIGHT

Тал-талдап өрүлгөн чач, топуга чөгөрүлүп сайылган таштар суйкая баскан кыргыз кыздарына куп жарашканы европалыктарды таңыркатты. Айрымдары - бул кийимдердин касиети - кыргыздарды ашыкча мактануудан алыс, тескерисинче, болушунча жөнөкөй көрсөтүп, ошол эле учурда өзгөчө аземделгенин айтып жатышты.
MEDIA1LEFT
Чач учуктары тагылган шөкүлө, балпайган байбиче кийген элечек, белди бекем бууган белдемчи кыргыз аялзатынын көлдөй чалкыган кең пейилдигинен кабар берип турду. Албетте, мурда муну китептен көрсө көрүшкөндүр. Бирок назик, ийкемдүү кыргыз кыздары кийгенин жанынан көрбөгөн европалыктар үчүн кыргыз маданияты ачыла элек сандыктай сезилди.

Кыргыз элинин башкалардан өзгөчөлөнтүп, улуттук баалуулугу болгон кийимдерди кийип көрүү европалыктарга кызык болду. Айрымдары кийип да көрүштү. Кыргызстандан барган ырчы Гүлзада дагы дизайнердин коллекциясынан байдын байбичесинин кастарлап кийген кийимди эл алдына кийип чыкты.
Анан да маданий кербен болуп жаткан соң, кыргыз музыкасы жаңырып турду. Кыргыз аялдарынын кийими коллекциясы менен “Ордо сахнанын” музыкалык номери ширелишип, кыргыз рухун көркүнө чыгарды. Анан да ырчылар жандуу үн менен ырдап жатышты.

Кыргызстандын маданий кербени эки апта бою Европа элин кыргыз маданияты менен багындырды. Швейцария, Франция, Нилерланды, Австриядагылар кыргыз кол өнөрчүлөрү жасаган улуттук кийимдерди эле көрбөстөн айрымдары кыргыз сүрөтчүлөрүнүн колунан жаралган эмгектерге таңыркап, аземине арбалып жатышты.
Долбоордун автору кыргыз маданиятынын өзөгүн европалыктарга көрсөтүүнү көксөп келген. Эми ошол ойлогон ой, турмуш чындыгына айланды. Көчмөн элдин маданиятын чагылдырган иш-чараны батыш өлкөлөрүнө Нидерландыдагы телеканалдар атайын репортаж даярдап көрсөттү.