"Газпром Кыргызстан" компаниясынын маалыматына караганда жаратылыш газына болгон тарифтер бардык категориядагы колдонуучулар үчүн төмөндөтүлдү. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги жаратылыш газын сатуу үчүн бааларды кайра бекитти.
Аталган агенттиктин буйругунун негизинде "Газпром Кыргызстан" 2016-жылдын 1-апрелинен тартып бардык категориядагы колдонуучулар үчүн тарифтерди кайрадан эсептеп чыкты.