Кечээ саат 21:30дар чамасында Таш-Көмүр шаарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Бишкек-Ош унаа жолу жабылып калган. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
POST1RIGHTМаалыматка ылайык, аталган жолдун 430-435-чакырымында жети жерден селден кийинки калдыктар топтолуп, жол каттамын тосуп калган.
Адам өмүрүнө зыян келген жок. Тилкеде тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери аткарылып, 17-июнь саат 01:30 чамасында унаа жол бир тараптуу ачылган. Учурда каттамды кеңейтүү иштери жүрүп жатат.