Новость KTRK/videograp

Талас облусунда жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу долбоору старт алды. Анын максаты - жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жана жеке доктурлардын сапаттуу кызмат көрсөтүүсүн жөнгө салуу болуп жатат. 

Долбоордун алкагында жайыт пайдалануучулардын 140 бирикмеси жана 300гө жакын мал доктурлар окуудан өтөт. Бул саамалыкты ишке ашыруу үчүн донор уюмдар тарабынан 15 миллион доллар бөлүнгөн. 

Долбоордун ийгиликтүү ишке ашышы менен мал киндиктүү элет жеринде сандан сапатка өтүүнүн негизги шарттары колго алынат дешет уюштуруучулар.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118