Айтматовдун сүрөтү string art ыкмасы менен тартылды
Новость ktrk.kg

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү string art ыкмасы менен тартылды. Аны камдаганга кадимки эле жип менен мык колдонулган. Жаңы нерселерди жаратканды жактырган Азамат Жаналиев “Улуу Кыргыз изи” долбоорунун негиздөөчүсү.

“Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун образын буга чейин ар кандай түрдө көрүп келгенбиз. Бирок мындай портретти биринчи жолу көрүп жатабыз. Анткени бул сүрөттө автор жалаң гана жип менен мыкты колдонгон”. POST1RIGHT

Бул сүрөттүн дагы бир өзгөчөлүгү портретте катылган Азамат мырзанын каты. Ал катта эмнелер жазылганын жана сүрөттүн кайсы жеринде жашырылганын автор өзү гана билет.

Жаналиев улуу жазуучунун сүрөтүн даярдоого канча мык жана жип кеткенин эсептеген эмес. Себеби, эң башкысы сүрөттүн сапатына көңүл бурганын айтат. Эми ал даяр болгон портретти аукцион аркылуу сатаарын кошумчалады.

Жаңы нерселерди жаратканды жактырган Азамат Жаналиев “Улуу Кыргыз изи” долбоорунун негиздөөчүсү. Бул сүрөттөн түшкөн каражатты убактылуу токтоп турган башка бир долбоорду улантууга жумшасам деп турат.