КТРКнын байкоочу кеңешинин жаңы төрагасы шайланды
Новость ktrk.kg

POST1RIGHTКоомдук биринчи каналдын байкоочу кеңешинин жаңы төрагасы шайланды. Бүгүн кезектеги жыйында байкоочу кеңештин мүчөлөрү жашыруун түрдө добуш берип, эки талапкердин ичинен Жылдыз Бакашеваны төрага катары шайлашты. Жылдыз Бакашевага кеңештин 10 мүчөсү добушун берген, ал эми экинчи талапкер Бүбүкан Досалиева 4 добушка ээ болгон. 

Эскерте кетсек, буга чейинки байкоочу кеңештин төрагасы Абды Сатаров, Коомдук каналдын башкы директору Илим Карыпбеков келгенге чейин бул кызматта дагы бир жылдан ашык эмгектенген. Жаңы талапкерди дайындоо алдында кызуу талкуу болуп, кеңештин мүчөлөрү эки талапкер тең төрагалык кылууга татыктуу экендигин белгилешти. Алар өздөрүнүн тандоосун гендердик теңчиликти сактоо зарыл деп түшүндүрдү.