Сууга кулап кеткен 1 жүргүнчү изделүүдө
Новость

13-июнь түнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Толук айылында “Ваз-Нива” үлгүсүндөгү мамлекеттик унаанын айдочуусу рулду башкара албай, Толук суусуна кулап кеткен. 

Унаанын ичинде 5 жүргүнчүдөн 2 киши суудан өз алдынча чыга алышкан. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары 2 адамдын денесин табышып, 1 жүргүнчү изделүүдө.