Кыргызстан ишенимдүү өлкөлөрдүн ичинен коңшу өлкөнү артка калтырды
Новость KTRK/videograp

Мыкты өлкө тизмесинде Кыргызстан коңшусу Казакстан менен Иран мамлекетин артка таштап 105-орунду ээледи. Рейтинг түзүүчүлөр БУУ, Дүйнөлүк банк жана эл аралык уюмдардын маалыматын колдонуп, жалпысынан 163 өлкөнү иликтеп чыккан. 

Ага ылайык, Өзбекстан менен Тажикстан бул тизмеде таптакыр жок болсо, Россия 72-орунду ээлеген. Алдыңкы он мамлекеттин катарына Австрия, Германия, Жаңы Зеландия сыяктуу мамлекеттер кирген. 

Ар бир өлкө маданияты, коопсуздугу, тынчтыкты сактаган абалы жана жарандардын турмушун жакшыртуу багытында жасалган иш-аракеттери боюнча бааланган.