Ыйык Рамазан айы башталды
Новость KTRK/videograp

Бүгүн Мусулмандардын ыйык Рамазан айы башталды. Ислам дининдеги эрежеге ылайык, орозону кыздар 9 жаштан, балдар 12 жаштан баштап кармаса болот. 

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматына ылайык, Кадыр түн биринен 2-июлга караган түнү деп белгиленди. Ал эми Орозо айт майрамы 5чи же 6-июлда белгилениши мүмкүн. Быйылкы жылдагы битир садаканын наркы 32 сомду түздү. 

Белгилүү болгондой, чогулган каражаттын 20 пайызы муфтиятка, калган 80 пайызы облустук казыяттарга жана жергиликтүү мечиттерге бөлүнөт. Белгилей кетсек, өткөн жылы рамазан айында республика боюнча 31 миллион сом чогулган.