Жаңы мамлекеттик номерлерди сатуудан эки күн ичинде мамлекеттик казынага жарым миллион сом түштү. Же болбосо эки күндө республика аймагында 1069 комплект сатылды. Анын басымдуу бөлүгүн Бишкек шаары түзөт. Анткени, эки күндө шаардык айдоочулар 515 жаңы унаа номурларын сатып алышты.
Июнь айынын акыркы он күндүгүндө өзгөчө номерлерди сатып алууну каалагандар үчүн аукцион өткөрүлөт.
Жаңы номурда мурдагыдай эле мамлекеттик желек жана Кыргызстандын эл аралык коду белгиленген.
Белгилей кетсек жаңы унаа номурун «Инфоком» мамлекеттик компаниясы чыгара баштады. Сатуудан түшкөн баардык каражаттардын 50 пайызы өлкө казынасына түшөт.
К. Калилов, “Биринчи радио”