28-май, ишемби күнү Кадамжай районунунда кайрадан сел жүрдү. Болжол менен кечки саат бештер чамасында жаан аралаш жааган мөндүрдүн кесепетинен Ош-Айдаркен унаа жолунунун 125-чакырымынан 132-чакырымга чейинки аралыктагы төрт участокто сел жүрдү.
Маалымдалгандай, азыркы учурда жол убактылуу жабык. Мындан сырткары сел Жийделик айылындагы ички чарбачылык көпүрөнү жана электр жеткирүү чубалгыларды кармап турган эки тирөөчтү агызып кетти.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118