Куралдуу Күчтөргө - 24 жыл!
Новость KTRK/videograp

Кечээ, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөнүнө 24 жыл толду. Бул аралыкта кыргыз армиясы татаал жолду басып өттү. 90-жылдардан кийинки каатчылык, аскерлердин турмушуна да залакасын тийгизип, жакшы курал жаракты мындай кой жарытылуу кийим кече менен камсыз болбой калышкан.

Бирок татаал жолдор артта калды. Бүгүн кыргыз армиясы такыр башка. Чыкыйган аскердик форма, жетиштүү курал жарак менен камсыз болгон аскердин жатаканалары да заманбап шарттар менен камсыз болууда. Ал эми аскердик кызматта иштегендерге турак жайлар салынып, тапшырылып жатат.

Куралдуу күчтөрдүн күнү өлкөдө жыл сайын 29-майда белгиленет. 1991-жылы өзүн көз карандысыз мамлекет катары жарыялаган Кыргызстан эгемен мамлекет катары улуттук армиясын түптөгөн. 1992-жылы 29-майда Президенттин жарлыгы менен Кыргызстандын аймагында жайгашкан мурдагы Советтер Союзунун аскер бөлүктөрүн өлкө өз карамагына алган. Бул Куралдуу күчтөрдү түптөөнүн жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоонун башаты болуп калган.POST1RIGHT
Аскер реформасынын негизги багыттары - Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясында камтылган. Бул документ 2017-жылга чейин эсептелген. Ага ылайык армиянын кем карч маселеси калыбына келтирилди. Аскер системасындагы башкаруу да өзгөрдү. 

Кыйын кырдаал жаралганда ар бир секунд баалуу, бытыранды болуп бириндеп калган бөлүктөрдүн аракеттерин башкаруу кыйын эле. Ошондуктан Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы түзүлдү. Мындайча айтканда аскерлерди башкаруунун бирдиктүү борбору түптөлдү. Коңшу өлкөлөр менен аскер кызматташтык жакшы жолго коюлду. Курал-жарак, техника менен камсыздоого Орусия көмөк көрсөтүүдө. Офицердик курамды окутууга да көп көңүл бурулууда.

Мамлекет 2014-жылы Бишкекте 72 батирлүү турак-жайды пайдаланууга берген. Ош, Баткен, Жалал-Абад менен Ысык-Көлдө чек арачыларга ыңгайлуу болгон жаңы казармалар курулду. Ал эми 2015-жылы Чүй облусунда 20 батирлүү турак-жай, Бишкекте үч үй жана Балыкчыда жатакана пайдаланууга берилген. Быйыл болсо 36 батирлүү турак-жай Чүйдөгү чек арачыларга, 48 үй-бүлөгө ылайыкталган эки үй Талас чек ара отряддарынын аскерлерине тапшырылат. Баткендин аскерлери болсо 90 батирлүү үч үйгө көчүп киришет. Бишкектеги аскер адамдарына дагы 81 батирлүү үйдүн ачкычтары тапшырыла турган күн дагы жакын калды. 


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118