Электрондук-санарип кол тамгаларды колдонуу боюнча мыйзам кабыл алынганына 10 жылдан ашты. Ал боюнча 100гө жакын нормативдик актлар да бар.
Бирок алардын онго жакыны гана иштейт. Өлкөдө электрондук кол тамгаларды колдонуу дээрлик жокко эсе.
“Интербилим” коомдук бирикмеси өткөргөн сурамжылоодо ал тууралуу элдин 90 пайызы билбей турганы аныкталган. Эмне себептен бул тармак ишке ашпай жатканы боюнча Ош шаарында талкуу өткөрүштү.
Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"