Абдыманап Кутушев кызматына киришти
Новость KTRK/videograp

Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчилигине жаңы дайындалган Абдыманап Кутушев парламенттин Аппараты менен Иш башкармалыгынын жамаатына тааныштырылды.

Муну менен Кутушев кызматына расмий киришти. Эске салсак, Абдыманап Кутушев 5чи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Акыркы кезде КСДП фракциясынын катчылыгын жетектеп турган.