Аймамат Кадырбаев Ош шаарынын мэри болуп кайрадан шайланды
Новость

Аймамат Кадырбаев Ош шаарынын мэри болуп кайрадан шайланды. Кадырбаевдин талапкерлигин шаардык кеңештеги 41 депутат колдоду. Калаа башчылыгына ат салышкан дагы бир талапкер Алишер Мойдунов 4 добушка ээ болду. 

Шаар башчылыгына азыркы мэр Айтмамат Кадырбаевди шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция, Алишер Мойдуновду болсо "Өнүгүү-Прогресс" партиясы сунуштаган. Айтмамат Кадырбаев Ош шаарын 2013-жылдын январь айынан бери башкарып келет.