Кезегинде өнөр жайлуу делген Балыкчынын азыркы абалы көзгө комсоо көрүнөт. Чар-жайыт жайгашкан күркөлөр, кунары кеткен имараттар туризм тармагына көлөкө түшүрүүдө. Буга чейин да калаа жетекчилигине Балыкчынын көркү, тазалыгы боюнча эскертүү берилген. Бирок дагы эле жылыш жок.
Балыкчыдагы жол жээгиндеги баш аламан жайгашкан күркөлөр, андагы үстү-үстүнө чапталган жарнамалар, шамалдан айрылып калган стенддер, балык илинген жыгач калкаламалар шаардын көркүнө көө жабат.
"Эшигин көрүп, төрүнө өт" демекчи, мамлекет туристтерди тартуу үчүн инфраструктураны жакшыртып, калаага кире бериш жолду жасап берди. Бирок зымыраган жол менен Балыкчыгы киргенде эле туристтерди үркүтө турган көрүнүш.
К. Өмүракунов, Ысык-Көл облусунун тургуну:
“Эки жактан келген элде мындайлар жок болуш керек. Жаман көрүнөт да, биз эмне көнүп калганбыз, этибар албайбыз. Башкаларга эле учурайт.”
Күркөлөрдүн иретсиз салынганы аз келгенсип, андагылар балыктарын жыгач калкамага илип, көчөгө чыгарып коёт. Жайкысын бул жерде бут коёрго орун жок. Негизи күркөлөр жайгашкан тилке жеке менчик, бирок балык илинип турган жер муниципалитке тиешелүү. POST1RIGHT
З. Абдыкеримов, Балыкчы шаардык мэриясынын башкы адиси:
“Аларды алдырабыз. Мыйзамдуу түрдө алар күркөлөрдүн ичинде сатылыш керек. Алар тышка сатылбайт. Алардын барына эскертүү берилди. Бир айдан кийин алардын барына тышка сатууга уруксат берилбейт”.
Жылда эле ушул убада. Өзгөчө жай мезгилдинде сыртта илинип турган балыктардан жанындагы күркөлөр көрүнбөй да калат. Аларды мэрия жаңы базарга көчүрөбүз деп чамынууда.
Маселе чечилгенче жайкы сезон өтүп да кетпесе болду. Ошол эле учурда автобекеттин айланасы да чаржайыт. Каралбай калган имарат, баш аламан жайгашкан күркөлөр. Албетте, мунун бары туристтерге өөн. Мэриядагылар болсо, автобекет жеке менчик, ал жакты иретке келтирүүдө укуругубуз кыска деген жүйөөнү карманууда. Облус жетекчилиги да Балыкчыдагы көзгө комсоо көрүнгөн көрүнүштөрдү көрбөйбү, байкабайбы? Ошол эле учурда жергиликтүү элди түшүнсө болот. Балыкчылыктар балык сатып оокатын кылат. Кезинде күркөлөр жаңыдан салынып баштаганда ошол кездеги жетекчилер жолдун кырына чейин чыгууга уруксат жок экенин элге түшүндүрсө болот беле?