Дүйнөлүк адабияттан бул жолу, СССРдин алкагынан ашып, бүткүл дүйнөгө таанылган Дагестан элинин улуу акыны Расул Гамзатовдун чыгармачылык бейнеси тууралуу сөз болот.
Анын “Менин Дагестаным” чыгармасын кыргыз тилине талантту акын, котормочу Аман Токтогулов өтө мыкты которуп, кыргыз элине дүйнө адабиятынын эң бир бийик үлгүсүн тартуулай алган.