Чүй облусунун Орловка айылында 8 жаштагы бала люкка түшүп, каза тапты. Азиз Дангилов быйыл биринчи класска бармак. Анын денесин люктан алып чыкканга кошуналары жардам берген. ГҮЛ: Бул кырсык боюнча Орловка шаарчасынын мэринен маалымат алуу мүмкүн болгон жок. Көрсө мэр эмгек өргүүсүнө чыгып кетиптир. Жергиликтүү кеңештин депутаттары болсо бала өлгөндөн кийин гана люктарды жаптыруу ишин көзөмөлгө алды.
Азиз - болгону 8 жашта эле. Анын ата-энеси мал жанды карап Кызыл-Суу айылында турат. Ал улуу эжесиникинде жашап, дем алыш күндөрү тоодогу ата-энесине барчу. Жаратылышынан жароокер, ачык-айрым Азиз беш бир туугандын кичүүсү болчу.
Биз барган кичи райондо эле 10догон люк бар экен. Маселен, бул балдар ойноочу аянтчада эле 5тей люк бар. Алардын бирөөсү гана жабык турат. Элдин айтымында, аларды дагы окуя болгондон кийин жаап кетишкен.
Алты миң калкы бар Орловкада бир жарым миң люк жайгашкан. Эгерде ачык люктарга ар бир төртүнчү киши түшүп кетиши ыктымал экенин боолгосок, абал өтө эле кооптуу.
Сураштырып көрсөк, люктарды ачып-жаап, улам текшерип турууга Орловканын суу жана жылуулук менен камсыздандыруучу өндүрүштүк бирикмеси жооптуу экен.
Кырсыкка ким күнөөлүү? Тоодо жүргөн ата-энесиби, же убагында люктарды жаап койбогон мекемеби? Бул суроого жооп алуу үчүн шаардык мэрияга баш бактык.
Мэрди ордунан таппадык. Бирок окуядан кабар алган шаардык кеңештин депутаттары мэрияга күнөөлүү тараптарды таап, жазалоо тапшырмасын бергенин уктук. Бөөдө кырсыктын курмандыгы болгон Азиз Дангилов ушул жылы биринчи класска бармак.
Орловка шаар бийлиги "арыз-даттануу качан келсе ошондо люк жабылат" деп кол жайып отура бербегенде кырсык болмок эмес. Он гүлүнүн бири ачыла элек Азиздин өлүмүнө себеп болгон ачык люк маселеси кимди болбосун кайгагы салды. Жергиликтүү бийлик калаадагы люктарды толук жаба алабы, биз бул маселеси кийинчерээк дагы барып текшерүүнү туура таптык.