Нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Араван районунун Мангыт айыл аймагындагы Түрк айылында материалдык чыгым болжол менен 69 500 сомду түздү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 16-майында катуу жааган жаандын кесепетинен адырлардан түшкөн сел 8 кожолуктун үлүш жерин жабыркаткан. Ал эми катталган катуу шамалдын чыгымы Кара-Кулжа районунда 43 000 сомду түзүүдө. 16-майда аталган райондун аймагында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрге чейин жетип, бир катар социалдык обьекттердин чатырынан шиферлерди учуруп кеткен.