ӨКМ: шашылыш билдирүү
Новость ktrk.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматтарга караганда, 17-18-19-май күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, чагылган болуп, тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымал. 

Бийик тоолуу аймактардагы унаа жолдор кар күрткүлөрүнө топтолуп, муз тоңот. Айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы кескин төмөндөйт. POST1RIGHT  POST2LEFT


Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштеринин жүрүшүн, жайыттарда малды кармоону, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоого жакын райондордо сел жүрүү коркунучу бар, дарыяларда суунун денгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Эске салсак, өлкө аймагында акыркы айдагы тынымсыз жааган нөшөрлүү жамгырдан турак-жайлар жабыркап, көпчүлүк жерлерде селдин жүргөнү катталган.