"Кылымдарды карыткан улут байлыгы" аттуу китепканадагы кадыр түн
Новость ktrk.kg

13-майда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында "Кылымдарды карыткан улут байлыгы" аттуу Китепканадагы кадыр түн акциясы өткөрүлдү. Акция Тарых жана маданият жылынын алкагында уюштурулду. 

Бул күну Китепкана эң эле чечкиндүү жана креативдүү идеяларды ишке ашыруунун чыныгы аянты болуп берди. Бул иш-чаралар эл менен иштешүүдөгү традициялуу китепкананын диапазонунан  четтеп иш жүргүзүүгө мүмкүндүк берет деп уюштуруучулар ишенет.

2013-жылдан бери жыл сайын аталган акция уюштурулуп, бул күнү китепкана адаттагыдан ашык убакытта иш алып барды. "Китепканадагы кадыр түнгө" келгендерге атайын жаңы маданий долбоорлор сунушталып, концерттик программа менен коштолду. 

Жаштар арасында китеп окууга кызыгуунун жаратуу жана аны кайра калыбына келтирүү, ошондой эле окурмандарды китепканага тартууу - акциянын максаты. Акция китепкананын коомчулук менен өз ара байланышуу чөйрөлөрүн кеңейтүүгө, китепкана жөнүндө стереотипти өзгөртүүгө жана китепкана илимий, агартуучу институт же китеп сактоочу жай эле эмес, майрамдык маанай тартуулоочу жана тандоо эркиндиги бар, популярдуу жер экендиги тууралуу түшүнүктү жаратууга багытталган.